17 апрель 2026

Кароолор: 4

Баткен району: Тажикстандан өткөн айыл чарба жерлерине суу берилүүдө

Баткен району: Тажикстандан өткөн айыл чарба жерлерине суу берилүүдө

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыгында, айрым чек арага чектеш аймактарды алмашуу макулдашылган. Анын алкагында Тажикстандан Баткен районуна жалпы 400 гектар айыл чарба багытындагы жана турак жай категориясындагы жер аянты өткөрүлүп алынган.

Бул жер аянты бүгүнкү күндө, Баткен районунун Тажикстанга жер участоктору алмашылган тургундарына ( айыл чарба багытындагы жерлери) бөлүнүп берилүүдө. Анын ичинде Кара-Бак айылынын тургундарына үлүш жерлери толугу менен берилип бүттү. Учурда бул жерлерге суу жеткирүү иштери жүрүүдө.

Тагыраагы, Кара-Бак айыл аймагынын коллектордук дренаждык тармагын тазалоо иштери жүрүп, Ганжак 2 дренаждан 3кмге жакын канал казылды. Натыйжада Курук-Сай жерлигиндеги 70гектарга суу берилип, 152 кожолуктун үлүш жерине суу жетти. Алдыда Кожо-Булак суусунун көлөмүн көбөйтүү иштери улантылып, суу берүү жакшыртылат.

Ал эми Тажикстандан өткөн Лаккон жерлигине (80га) бир тике суу кудугунан суу чыгарылып, сугаруу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Коргончо жерлигине (120га) Р6-1 каналы аркылуу убактылуу 150литр суу берилип баштады.

Учурда аймакка барган ирригациялык обьекттерди райондун балансына алуу иштери жүрүудө, натыйжада каражат даректүү бөлүпүп, тийиштүү курулуш же оңдоп түзөө иштери жүрөт. Ошондой эле 3 даана жаңы тике суу кудугу казылат.

Азыркы тапта тийиштүү техникалар, айыл чарба жерлерине сугат суу арыктарын казууда.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы